Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Иракта өзгөчө кырдаал жарыяланды


Ирак өкмөтү козголоңчул күчтөрдүн активдешүүсүнө байланыштуу өлкөнүн түндүгүндөгү күрт калктуу аймактардан башка жерлердин баарына 60 күндүк чукул кырдаал абалын киргизди. Өкмөт өкүлү Тайир Хасан Накиб Багдадда өткөн пресс-конференцияда чукул кырдаалдын шарты эртең жарыя болоорун билдирди.

Ирактык эрегишчилер полицияканаларга каршы катуу чабуулга өтүшкөнүн маалымат булактары билдирүүдө.
Өлкө батышындагы ал-Анбар провинциясында полицайканага жасалган чабуулдан бери дегенде 22 киши, анын ичинде жети полицай курман болду.

Козголоңчулар Багдаддын түштүк батышындагы Хадита жана Хаклания деген кыштактардын да полицияканаларына чабуул коюшту. Акыркы 24 саатта болгон чабуулдар үчүн жоопкерчиликти “ал-Каида” менен байланышкан фаллужалык топ Интернет аркалуу таркаткан маалыматта өзүнө алды.

Күн бою Багдаддын ортолук бөлүгүндө жардыруулар болгону кабарланды.

Ирактын финансы министри, таанымал шиит саясатчысы Адил Абдел-Мехдинин үйүнүн жанында автомобилге коюлган бомба жарылып, министрдин жанжигити курман болду. Ройтер агенттиги жардыруудан полициянын бир кызматкери өлгөнүн да кабарлады.

АКШлык 10 миң чамалуу аскер Фаллужа шаарына чабуул жасоого камданууда. Бүгүн таңга жуук АКШнын деңиз аскерлери Фаллужаны артиллериядан аткылап, адаватчылар менен салгылашты. Урушта кеминде 16 эрегишчи жок кылынды. Америкалык 2 аскер жарадар болду.

Жарым жылдан бери адаватчылардын колундагы Фаллужаны АКШлык учактар үзбөй бомбалап турат.

XS
SM
MD
LG