Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

9-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, ноябрдын тогузунда Кыргызстанда ала булут каптап турат. Айрым жерлерде жаан-чачын болуп, батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:
ТАЛАС аймагында түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска жылуу, күндүз +8…+13 градус жылуу.
ОШ, БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16 градус.
ЫСЫККӨЛ дубанында абанын түнкү температурасы -1 градус сууктан +4 градуска жылуу, күндүз +9…+14 градус болот.
НАРЫН облусунда түнкүсүн -4 градус суук, күндүз +8…+13 градус жылуу.
Сарыөзөн ЧҮЙДӨ түнкүсүн -1 градус сууктан +4 градуска жылуу, күндүз +10…+15 градус.
Ордо калаа БИШКЕКТЕ мезгил мезгили менен жамгыр жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +12…+14 градус жылуу.


Жаңылыктар топтомун Азиза Турдуева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Аба ырайы тууралуу маалымат менен Алина Кангелдиева тааныштырды.

XS
SM
MD
LG