БИШКЕК. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы жергиликтүү кеңештерге үстүбүздөгү жылдын онунчу октябрында шайланган депутаттар үчүн атайын окууларды өткөрөт. Семинар биринчи декабрда башталып, жыйрма күнгө созулат. Окутуу өлкө боюнча 260 айыл өкмөттөрүндө өткөрүлөт. Ага 4700 ашуун жергиликтүү кеңеш депутаттары катышат. Семинар учурунда депутаттардын ыйгарым укуктары, өлкөдөгү адам укугу жаатындагы кабыл алынган мыйзамдарды жакшыртуу жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунуну өркүндөтүү тууралуу мыйзамдарды кабыл алуу тууралуу кеңири маалыматтар берилет. Ошондой эле жергиликтүү кеңеш депутаттарына «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы тарабынан жазылган «Жергиликтүү кеңеш депутаттарынын колдонмо китеби» деген аталыштагы китепче бекер таратылат. Мындай иш чара АКШнын Улуттук демократиялык институтунун финансылык колдоосу менен уюштурулууда.