БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйынынын эртеңки отурумунда өлкөнүн энергетика тармагын менчиктештирүүнү качан кароо маселеси такталат. Мыйзам чыгаруу жыйынынын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, отурумга президенттик админстрация башчысынын орун басары Болот Жанузаков, өкмөт башчы Николай Танаев баш болгон өкмөт мүчөлөрү катышат. Мыйзам чыгаруу жыйынындагы оппозициячыл жана орточул көз караштагы он тогуз депутат соңку жыйырма күндөн бери энергетика тармагын менчиктештирүүгө макулдук беришпей, жыйындар залында кворум түзүүгө каршы болуп келишет. Өкмөт сунуш кылган программага ылайык «Түндүк электр» ишканасын бир нече жылга чет өлкөлүктөрдүн башкаруусуна берип, газ тармагын менчиктештирүү паландаштырылууда.