Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Кыргызстандын Тышкы иштер министринин Пакистанга иш сапары башталды


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер минстри Аскар Айтматов баш болгон Кыргызстандык делегациянын Пакистанга болгон расмий иш сапары башталды. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Аскар Айтматов президент Первез Мушарраф, өкмөт башчы Шаукат Азиз баш болгон ырасмий өкүлдөр менен жолугушуп, кыргыз-пакистан мамилесин өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Тараптар ошондой эле коопсуздук, террорго, наркобизнеске каршы күрөш боюнча пикир алышышат. Сапардын соңунда Кыргызстан менен Пакистандын тышкы иштер министрлеринин биргелешкен билдирүүсү кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG