Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:37

Голандияда исламдык мектептин жардырылышын ван Гогдун өлтүрүлүшү менен байланыштырышууда


Бүгүн эртең менен Айнховен шаарында мусулман балдар окуган мектептин эшиги жарылууда жок кылынды. Эч ким жараат алган жок. Буга чейинки күндөрү Голландиядагы үч мечитке өрт кою аракети болгон эле.
Полициянын болжолунда, мектептеги жардыруунун радикал исламчылардын колунан келди деп шектелген режисер Тео ван Гогдун өлүмүнө тийешеси болушу мүмкүн. Ислам динине сын көз карашын жашырбаган ван Гогду өткөн шейшембиде өлтүрүп кетишкен эле. Анын үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту мусулман аялдардын Исламдагы басмырланган абалына байланыштырган кыска метраждуу фильми курч талаш-тартышка түрткү болгон. Айдховенде полиция мечиттерди жана мусулмандардын мектептерин кайтарууну күч алдырып жатат.

XS
SM
MD
LG