Грузин армиясынын атайын аскер бөлүгүнүн 300 кызматкери бүгүн жолго чыкты. Коргонуу министри Георгий Барамидзенин билдиришинче, аскерлер Иракта жарым жылга калышат жана аларга Бириккен Улуттардын миссиясын коргоо милдети жүктөлөт. Барамидзе ошондой эле дагы 550 грузин аскери Иракка январь айында жиберилет деди.
Учурда Иракта 160 чакты грузиялык аскер кызматкери Тикрит жана Бейжи шаарларын коргоп турат.
Учурда Иракта 160 чакты грузиялык аскер кызматкери Тикрит жана Бейжи шаарларын коргоп турат.