ТАЛАС. «Манас ордо» комплексинин жанындагы Ташарык айылында улуттук дөөлөт, мурастарга таазим күнү өткөрүлдү. Бул иш чараны «Улут ордо» коому - облустук администрация жана «Манас ордо» комплекси менен бирге өткөрөбүз деген сунуш менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок колдоо болмок түгүл тоскоолдуктар келтириле баштаган.
Ушуга карабастан 9-ноябрда Кыргызстандын туш тарабынан чогулган элге Манастын күмбөзүндө куран окууга гана уруксат берилип, жыйын өтүүчү атмайданга эл киргизилген жок. Натыйжада жыйын «Манас ордо» комплексинин сыртында – анын жанындагы Ташарык айылында ачык асман астында өткөрүлдү. Жыйында дүйнө глобалдашып бараткан азыркы шарттарда кыргыздардын улут катары сакталып калышы үчүн өзүнүн ата мурас асыл дөөлөттөрүнө таянуу зарылчылыгы айтылды.
Жыйын сонунда талкууланган маселе боюнча таластыктардын кыргыз элине кайрылуусу кабыл алынды жана «Улут ордонун» жүргүзүп жаткан ушундай иштери жактырылды. Жыйындын көркүн борбордон келген манасчылар, төкмөлөр, комузчулар, ырчылар чыгарып, чогулгандарга түлөө тамак тартылды.