Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Карасуу шаарында нааразылык акциясы өттү


ОШ. 9-ноябрь күнү эртең менен Ош облусуна караштуу Карасуу районунун ар кайсы айылдарынан келишкен отуздан ашуун адам райондук электр тармактар ишканасынын алдына нааразылык акциясына чыгышты. Акциянын катышуучулары электр энергиясын эсептегичтерди пломбалоо үчүн калктан кошумча 120 сомдон топтолуп жаткан жыйымга нааразы экендиктерин айтышып, ансыз да электр энергиясын пайдаланышканы үчүн акыны өз убагында төлөө оор болуп жаткандыгын билдиришти.

Карасуу райондук электр тармактар ишканасынын башчысынын орун басары Артур Жусуев жогоруда аталган жыйымды топтоо мыйзамдын чегиндеги иш экендигин, эскирген маркадагы электр эсептегичтер үчүн жаңы плобмаларды коюу зарылчылыгын айтып, чогулгандарды таркатууга аракет кылды. Өз талаптарын райондук жетекчиликке билдирүүнү каалаган эл Карасуу райондук акимчилигинин алдына чогулуп, бирок бийлик өкүлдөрүнөн эч ким чыкпаган соң таркап кетишти.

XS
SM
MD
LG