Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Атуулдук коомдун өкүлдөрү шайлоо округдарын өзгөртүүнү сунушташууда


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын болочок бир палаталуу парламентине шайлоолорду өткөрүү боюнча буга чейин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан такталган бир мандаттуу шайлоо округдарынын бөлүштүрүлүшү боюнча коомдук талкуу өткөрүлдү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коомдун, саясий партиялардын өкүлдөрү катышышты.

Жыйында сөз сүйлөгөндөр айрыкча Ош, Жалалалабад, Баткен областарындагы шайлоо округдары айыл-кыштактардын жайгашуусунун иреттүүлүгүн бузуу менен, кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыгына ылайыкташтырылып, тууганчылык, жердешчиликтин негизинде адилетсиз бөлүнгөндүгүн айтышты.

Жыйын соңунда 2005-жылдагы парламенттик шайлоого чейин шайлоо округдарын кайра түзүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке, Конституциялык сотко, Борбордук шайлоо комиссиясына сунуштар айтылды. Мындай иш-чара «Борбор Азиядагы тынчтык жана коопсуздук үчүн» деп аталган коомдук бирикме жана «Жарандык коом коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун демилгеси менен өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG