Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдүн жетекчилеринин келиши күтүлүүдө


БИШКЕК. 10-ноябрда Бишкекке Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин 60-жылдык юбилейине карата коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын мамлекет жетекчилеринин келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматтарга караганда Аскар Акаевдин туулган күнүнө карата кандайдыр бир ырасмий иш-чаралар болбойт. Бул окуяга байланыштуу салтанаттуу иш-чаралар Чолпон-Ата шаарында «Рух ордо» улуттук комплексинде өткөрүлдү. Анда президент Акаевге Россиянын так илимдер академиясынын «Илимдин жана искусствонун шери» ордени жана Кыргызстан элдери ассамблеясынын алтын медалы тапшырылды.

Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, мамлекет башчы туулган күнүн Бишкекте өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге белгилейт.

XS
SM
MD
LG