Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

НААРАЗЫЛЫК БИЛДИРГЕНДЕР КАРАЧАЙ-ЧЕРКЕСТИН ӨКМӨТ ҮЙҮН АЛЫШТЫ


Муса Мураталиев, Москва Шейшемби күнү Карачай-Черкес жумуриятынын баш калаасында митингге чогулгандар өкмөт үйүнө чабуул коюшту. Алар жумурият жетекчисин, ошондой эле күч органдарынын башчыларын кызматтан кетишин талап кылышууда. Кагылышка катышкандар арасында жарадар болгондор да бар. Өкмөт үйүнө чабуул жасагандарды ОМОН менен милиция көздөн жаш агызчу газ колдонуп, желим союлдар менен сабаган.

11-октябрда Черкесск шаарынын четинде президент Мустафа Батдыевдин күйөө баласы, “Кавказ-цемент” ишканасынын жетекчиси Али Каитовдун дачасында ал жерге чакырылып барган 7 жигит атылган эле. Бирок алардын сөөгү табыла элек болчу.

Курман болгондордун жек-жааттары бир аптача мурда жумурият жетекчисинин кенсесине кирип барууга чейин барып, нааразылык көргөзүшкөн эле.

Президент болсо күйөө баласынан кечип, кызын ажыраштырып алган. Көзү тазаланган уландардын дайынын тапканга 5 миллион рубль берем деген.

Ал кылмышка тийишеси бар деген он эки киши кармалган. Кызык жери алардын жарымы - милицияда иштегендер экен. Бирок көзү тазалангандар кайда көмүлгөнүн эч кимиси айтпай койгон.

Президенттин күйөө баласы Каитовдун дачасынын алдында атылган 7 жарандын сөөктөрү 8-ноябрда табылган. Курман болгондордун жек-жааттары ал кылмыштын бетин ачууга бийлик жолто болуп атат деп нааразылык акциясын уюштурган.

8-ноябрда Санкт-Петербургдун федералдык коопсуздук кызматынын маалымат катчысы Валерий Кузнецов бул кылмыш боюнча дагы эки киши кармалганын билдирди:

-Карачай-черкесте туулушкан атуулдар: Азамат Акбаев менен Темирбулат Бостанов 5-ноябрдан 6-ноябрга караган түнү кармалышты.

Агенттиктер жазганга караганда алар президенттин мурдагы күйөө баласы Каитовдун кароолчулары экен. Алар 11-октябрда атылган уландардын сөөгү Күмүш айылына чукул жердеги шахтыга көмүлгөн деп айтып беришкен.

Шейшемби күнү НТВ каналы билдиргенге караганда, Черкесски шаарында нааразылык акциясына чыккандар - курман болгон 7 жигиттин жек-жааттары - күч менен өкмөт үйүн ээлеп алышкан. ОМОН менен милиция тосконуна карабай өкмө үйүнөн кийин президенттин кенсесин алышкан ата-энелер бийликке кандай талап коюп атканын ушул материал жазылып атканда бизге “Азаттыктан” Түндүк Кавказдагы кабарчысы Фатима Тлизова маалымдады:

-Алар токтоосуз түрдө Карачай-Черкес жумуриятынын күч түзүлүштөрүнүн жетекчилерин, өкмөттү жана президентти иштеринен кетишин талап кылышууда.

Президент Мустафа Батдыев бул жолу да жашыруун эшиктен чыгып кеткен. ИТАР-ТАСС агенттиги билдиргенге караганда, кенсеге кирип барган 500гө чукул кишилер имараттын ичиндеги жыгач-ташты кыйратып салышкан.

Мамлекеттик думанын депутаты Александр Хинштейндин айтканына караганда, Карачай-Черкес жумуриятындагы саясий жаңжал президентке чукул кишилердин байлык талашуусунан пайда болгон:

-Тилекке каршы, ушунун баары - Карачай-Черкес жумуриятынын президенти Батдыевдин жүргүзгөн саясатынын жыйынтыгы.

XS
SM
MD
LG