Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Украинада президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы бүгүн жарыяланышы мүмкүн


Соңку жыйынтык Борбордук шайлоо комиссиясынын кечээги жыйынында чыгарылаары күтүлгөн эле, бирок жыйынтык жарыяланган жок. Комиссия төрагасы Сергей Киваловдун кабарчыларга билдиргенине караганда, БШКнын жыйыны бүгүн түштөн кийин улантылмакчы.

Бюллентендердин 97% саналгандан кийинки маалыматтарга караганда, башкы эки талапкер: азыркы премьерь-министр Виктор Янукович менен оппозиция лидери Виктор Ющенко дээрлик тең - 39%дын тегеринде тобуш топтошкон. Эми алар шайлоонун 21-ноябрда өтүүчү экинчи айлампасында атаандашат. Европалык байкоочулар Украинадагы быйылкы президенттик шайлоонун жүрүшүн демократиядан артка чегингендик катары мүнөздөшкөн.

XS
SM
MD
LG