Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Ысыккөл облустук коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү


КАРАКОЛ. Ага облустук ички иштер башкармалыгынын, облустук прокуратуранын, мамлекеттик көзөмөлдөө инспекциясынын жетекчилери, акимдер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Облустук ички иштер башкармасынын жетекчиси Бактыбек Алымбековдун маалыматына караганда экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүүдө олуттуу кемчиликтер бар. Буга чейин өз иштерине жоопкерчиликсиз менен караган 67 милиция кызматкери ээлеген орундарынан четтетилди.

Ал эми облустун прокурору Жумадыл Макешовдун айтымында, облуста келтирилген материалдык чыгымдын 4 млн. 500 миң сому кайра ордуна коюлду. Бирок токойду кыюу, жаратылыш байлыгы болгон аркар, кулжаларга аңчылык кылуу, баалуу балыктарды уруксатсыз кармоо боюнча кылмыш иштерине бөгөт коюлбай жатат. Браконьерлерди жаап-жашырган фактылар бар. Маселен, тогуз айдын ичинде мамлекеттик көзөмөл инспекциясы браконьердик боюнча 32 ишти тартип коргоо органдарына өткөргөн.

XS
SM
MD
LG