Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Нарындагы мугалимдердин абалы кыйын эле


НАРЫН. 10-ноябрда Нарын шаарындагы Демократияны колдоо борборунда мугалимдердин абалына арналган «тегерек стол» жыйыны болду. Анда мугалимдердин статусу жана билим берүү жөнүндөгү мыйзамдардын аткарылышы талапка жооп бербей жаткандыгы белгиленди. Нарын облусундагы мектептердин 90 пайызы айыл жерлеринде. Алардын көбүндө сырттан окуган мугалимдер иштешүүдө. "Ошондуктан билим берүүнүн деңгээли начар, айлыктары аз" деди облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Төрөбек Иманбердиев. Андан сырткары мектеп администрациясы гезиттерге мугалимдерди кыйнап жаздырпасын, окуучулар жума сайын ишембиликке чыгарышпасын деген ойлор айтылды жыйында. Анын акырында айтылган сунуштар боюнча аракет көрүүгө Нарын шаар башчысы убада берди.

XS
SM
MD
LG