Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:13

Барактыктар пахтасын сатпайт


ОШ. Карасуу районундагы Акташ айыл өкмөтүнө караштуу Барак анклавынын дыйкандары быйылкы пахтасын сатпай туруу тууралуу чечимге келишти. Мындай чечим айыл тургундарынан 10-ноябрь күнкү кезектеги чогулушунда кабыл алынды. Ага пахта баасынын Кыргызстанда арзандыгы, мурдараак 14-15 сом болуп, аба ырайы суук тарткандан бери 12-12,5 сомго түшүп калгандыгы себеп болду.

12-12,5 сомдук баа - пахтаны өндүрүүгө кеткен чыгымды таптакыр актабайт. Анын үстүнө Барак анклав-кыштагынын тургундары өз продукцияларын Кыргызстандын чегине Өзбекстандын чегара, бажы бекеттери аркылуу алып өткөндө да кыйла чыгым болушат. Андан тышкары барактыктар Өзбекстандын бийлигинен уруксат сурап, уруксат берилген соң гана бир күн ичинде бардык пахтаны чыгарып кетиши керек. Ушундан улам ноябрь ичинде уруксат суроого барбай турган болушту. Бирок барактык дыйкандар премьер-министр Николай Танаев депутаттардын суроолоруна жооп бергенде «пахта баасы кийинчерээк кымбаттайт» деп айткандан кийин анын баасы көтөрүлөт болуш керек деп үмүттөнүшүүдө.

XS
SM
MD
LG