БИШКЕК. 17-ноябрда Кыргызстанга БУУнун Борбор Азия, Европа жана Түндүк Америка өлкөлөрүндөгү адам укуктарынын абалы боюнча координатору Андерс Педерсен баштаган миссиясы келет. БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн алынган маалыматка караганда, миссиянын башкы максаты - Борбор Азия өлкөлөрүндөгү адам укуктарынын абалы жана БУУнун колдоосу менен адам укугун коргоо жаатында иштеп жаткан долбоорлордун турмушка ашырылышы менен таанышуу.
БУУнун миссиясы Кыргызстандын тышкы иштер, юстиция министрлери менен жолугушат. Иш сапардын соңунда адам укуктарынын абалы боюнча сунуш-пикирлер топтому иштелип чыгып, аймактагы өлкө жетекчилерине сунушталат.