Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:56

Аялдардын бийликтеги орду такталат


БИШКЕК. 11-12-ноябрь күндөрү Бишкекте «Саясат жана аял: жергиликтүү бийликке катышууну анализдөө» аттуу эларалык конференция болот. Аны ЕККУнун Бишкектеги борбору, бул уюмдун адам укуктары жана демократиялык институттар бюросу, аялдар, үй-бүлө иштери боюнча улуттук кеңештин катчылыгы жана социалдык технологиялар боюнча агенттик өткөрөт.

Конференцияга Кыргызстандын бардык аймактарындагы бейөкмөт уюмдардын, мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү жана депутаттар катышат. Андан тышкары Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, Финляндиянын өкмөттүк делегациясы менен адам укуктары боюнча бюронун гендер бөлүмүнүн жетекчиси Тина Ильсен катышат.

Алар Кыргызстандын гендердик теңдикти камсыз кылуу саясаты жана аны ишке ашыруу аракеттерин талкуулап, аялдардын жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуусу боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы менен таанышат. Андан тышкары бейөкмөт уюмдардын парламенттик шайлоого даярдык көрүүгө багытталган «Аялдарды колдоо» аттуу бирдиктүү демилгесинин максаттары жарыяланат. Мындай маалымат ЕККУнун Бишкектеги борборунан алынды.

XS
SM
MD
LG