Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:36

Газ сатуучу жаңы ишкана пайда болду


БИШКЕК. Кыргызстанда суюлтулган газ сатуучу «Элгаз» аттуу биргелешкен жаңы ишкана пайда болду. Ал чакан жана кичи ишканаларга колдоо көрсөтүүчү SEAF аттуу эларалык компаниянын көмөгү менен ачылды. «Элгаз» ишканасынын жетекчиси Марат Акылбековдун айтымында, ишкана суюлтулган газ менен өлкөнүн бардык аймактарындагы калкты камсыз кылып, Казакстан, Өзбекстан жана Орусияда да соода кылууга аракет көрөт.

SEAF компаниясы АКШнын ЮСАИД агенттиги, Швейцариянын экономика жана эларалык финансы корпорациясынын катчылыгы түзгөн Борбор Азиядагы ишканалар фондусун башкарат. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Дональд Лу «Элгаз» ишканасынын бетачарында АКШнын өкмөтү мындан ары да Кыргызстандын чакан жана орто ишканаларына колдоо көрсөтөрүн билдирди. Анын айтымында, суюлтулган газ сатуу долбоору буга чейин Болгарияда жакшы ишке ашкан.

XS
SM
MD
LG