ДҮЙШӨНБҮ. АКШнын борбордук аскердик командачылыгынын жогорку даражалуу жооптуу кызматкери бүгүн Тажикстанга ырасмий визит менен келди. Ланц Смит Дүйшөмбүдө Тажикстандын коргоо министри Шерали Каруллоев жана коргоо тармагынын башка жооптуу өкүлдөрү менен жолугушту. Сүйлөшүүдө АКШ менен Тажикстандын аскердик кызматашуусу, чегара коопсуздугу жана террорчулукка каршы күрөшүү маселелери талкууланды.