АКШ президенти Жорж Буштун айтымында, Палестинанын жаңы жетекчилиги түзүлгөндөн кийин Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу жараянында жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат:
-Палестинанын жаңы жетекчилери жардам сураганда - мен ишенем, алар андай жардам сурайт, анткени бардык адамдар эркин жашаганды эңсейт - эркин коом курууга талаптуу түзүлүштөрдү калыптандырууга жана эгемендүү Палестина мамлекетинин пайда болушу үчүн Америка Кошмо Штаттары сөзсүз жардам көрсөтөт.
Террорду токтото албайт деп, акыркы бир нече жыл бою америкалык жетекчилик төрага Ясир Арафатты тынчтык орнотуу жараянынан дээрлик четтетип салган.