Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Кредиттердин эмне себептен кайтарылбай жаткандыгы талкууланды


НАРЫН. Облустук акимчиликтин сектор башчысы Иманберди Жумалиевдин берген маалыматы боюнча Жапон грантынан 47 млн. 700 миң жана бюджеттик кредиттен 8 млн. 154 миң сом кайтарыла элек. Кредит алган бир катар жарандар колдорунда үрөндөрү бар экендигин жана аны өткөрө албай жаткандыктарын айтышса, айрымдары мөндүрдөн улам түшүм албай калгандыктарын билдиришип, төлөө мөөнөттүн кийинки жылдарга узартууну өтүнүштү. Ал эми «Жумгалавто» акционердик коомунун жетекчиси Сымарбек Садыков 1995-жылы шайлоонун алдында делинген 5 автобус кийинки жылдарда гана кредитке келгендиги айтылган жана 2000-жылга чейин автобустардан кредиттик сумма төлөө жөнүндө сөз болгон эмес деп, азыр толук төлөй албастыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG