Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:16

Багдадда бомба жарылып, аз дегенде 10 киши набыт болду


Ирактын борбору Багдаддын ортосундагы соода районунда автомобилге коюлган бомба жарылды. Бомба чабуулунан бери дегенде 10 киши өлдү, 20дай киши жарадар болду. Көбүн эсе чет элдиктер жашаган мейманканалар жайгашкан бу райондогу жардыруудан 10дон ашуун машине күйүп кеткени маалымдалды.

Түндүктөгү Киркук шаарында провинциянын губернатору Абдул Рахман Мустафанын машинесин жандаган автокербен бомбага кабылып, бериси 14 киши жарадар болду. Губернатордун өзү аман-соо.

Америкалык аскерлер Мосул шаарында бир нече полицияканага өрт коюп, куралдарын уурдап алган эрегишчилер менен салгылашып жатканын АКШлык аскерлер билдирди.

XS
SM
MD
LG