Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Израил "Арафат уулануудан өлдү” деген кабарды четке какты


“Ясир Арафатты израилдиктер өлтүрдү” деген маалыматты Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом “калп жана бузуку сөз” деп атады. Ал бүгүн жасаган билдирүүсүндө Палестинанын тышкы иштер министри Набил Шаат "Арафат ууланып өлдү" деген кабарды жокко чыгарганын да эске салды.

Бүгүн эртең менен “Хамас” куралдуу тобунун башчысы Калед Машаал жана “Ислам Жихады” уюму Израил өкмөтүн Арафатты ууландырды деп күнөөлөгөн эле.

XS
SM
MD
LG