Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

Ясир Арафаттын жасаты Каир шаарына алып келинди


Ясир Арафаттын жасаты кечээ күнү кечинде Мисирдин борбору Каир шаарына Франциянын мамлекеттик учагы менен жеткирилди жана бүгүн анын тажыясы өткөрүлөт. Франция президенти Жак Ширак Палестина элине көңүл айтып, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу үчүн Париж мурдагыдай эле күрөшө турганын билдирди:

-Палестина элине жана алардын өкүлдөрүнө мен көңүл айтуу менен кошо тилектештигимди билдирем. Палестина жана Израил элдеринин укугун сыйлоо менен катар Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Франция өз аракеттерин улантат.

Ишемби күнү болсо Арафаттын сөөгү Йордан дарыясынын батыш жээгиндеги Рамалла шаарында коюлаары күтүлүүдө. Пакистан менен Йемен үч күнгө улана турган аза күтүү жарыялады.

XS
SM
MD
LG