Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

Чакан кредитти көбөйтүү маселелери талкууланды


НАРЫН. "Тегерек үстөлгө" Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов, Нарын облусунун губернатору Аскар Салымбеков, эларалык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жыйында Кыргызстандагы микрокредитти өнүктүрүү багытында кеңири сөз болуп, анда тоолуу регионду социалдык жана экономикалык жактан бутуна тургузууда кредиттик бирикмелердин таасири, айылды финансылоо долбоорунун абалы жөнүндө суроолор көп түшкөн. Кредиттердин үстөк пайызынын жалпы республикада бирдей берилиши табигый шарты катаал облустун калкын жакырчылыктан тез чыгарууга мүмкүнчүлүк бербей жаткандыгы белгиленди.

XS
SM
MD
LG