Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:12

Облустук координациялык кеңеш өттү


ЖАЛАЛАБАД. Облустук прокуратуранын демилгеси менен чакырылган координациялык кеңеш коррупцияга, контрабандага жана экономикалык кылмыштарга каршы жүргүзүлгөн иштерди канааттандырарлык эмес деп тапты. Баяндамага ылайык кызматкерлери арбын болгон бажы кызматы аткезчилик, бажы төлөмдөрү боюнча бир да иш ачкан эмес. Ички иштер, улуттук коопсуздук кызматтары жетишсиз иштеген. Он айда коррупция кызматы жана экономикалык кылмыштар боюнча 350 иш козголуп, облустун экономикасына келтирилген 19 млн. сом материалдык зыяндын 11 млн. сому же 59% мамлекеттик казынага кайтарылган. Кызмат абалынан кыянат пайдалануу, паракорчулук жаатында 39 кызматкерге тиешелүү 34 кылмыш иши соттордун кароосуна жиберилген.

XS
SM
MD
LG