Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Ысыккөлдө экономикалык жана кызматтык кылмыштар көбөйдү


КАРАКОЛ. Бул маалыматты республиканын каржы полициясынын Ысыккөл, Нарын облустар боюнча региондор аралык башкармалыгы таратты. Маселен, аталган башкармалык тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча өткөн тогуз айдын ичинде жалпы көлөмү 1 млн. 986 миң сомду түзгөн 501 кылмыш иши катталган. Бул факт боюнча 51 кылмыш иши козголду.

Кылмыш иштеринин ичинен 12 кызматтык кылмыш фактысы, товарларды мыйзамсыз жең ичинен жүгүртүүлөрдүн жана мыйзамсыз ишкерликтин 325 фактысы аныкталган. Мындан тышкары жалпы көлөмү 1 млн. 255 миң сомдук өнөр жай товарларын башка багыттарга ташуу боюнча 23 факт катталган.

XS
SM
MD
LG