ТАЛАС. Облус боюнча 1700дөн ашуун мүчөсү бар деп айтылып жүргөн «Адилет» партиясынын Талас аймактык бөлүмүнүн үчүнчү конференциясында алгач уюштуруу маселеси каралып, тутуму 15 адамдан турган саясий кеңеш жаңыланды. Партиянын облус аймагындагы аткарган иштери, алдыдагы милдеттери туурасында аймактык бөлүмдүн башчысы Анарбек Алдашүкүров баяндама жасады жана ал боюнча чакан талкуу жүрдү.
Күн тартибиндеги үчүнчү маселеде декабрь айында өтүүсү болжолдонуп жаткан партиянын төртүнчү съездине 15 делегат шайланды.
Кошумча маалымат үчүн айта кетели, «Адилет» партиясынын Талас облусунда элүүдөн ашык баштапкы уюмдары бар деп айтылат. 10-октябрда өткөн жергиликтү кеңештерге шайлоодо бул партиянын 254 талапкеринен 236 мүчөсү депутаттык мандатка ээ болгон. Конференциянын ишине «Адилет» партиясынын теңтөрагаларынын бири, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев катышып сөз сүйлөдү.