Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:04

Каспийде Казакстан менен Азербайжандын кемелери сүзүшө кетишти


Казакстандын Каспий деңизинде күзөттө жүргөн кемеси кечээ кечинде деңиздеги чек араны бузуп, мыйзамсыз балык уулап жүргөн Азербайжандын 3 кемесин байкап калып, алардын бири менен кагылыша кеткени кабарланды. Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка караганда, деңизде кайгуулда жүргөн кеме Азербайжандык кемени токтотууга аракет кылганда эки кеме сүзүшө кеткен. Казакстандын кемеси ал кагылышуудан жаракат алган, бирок Азербайжандык браконьерлердин тогузу камакка алынып, жээктеги абакка жеткирилген. Каспийдин казактарга тийиштүү бөлүгүндө мыйзамсыз балык уулап жүргөн дагы эки азербайжан кемеси атайын жайга токтотулган.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Венера Сагындык кызы даярдады.

XS
SM
MD
LG