Пакистан Индиянын кышында Кашмирдеги аскерлеринин санын азайтуу чечимин кубаттады. Исламабаддын басма сөз өкүлү Масуд Хан Индиянын премьер-министри Манмохан Сингхтин ал тууралуу чечими тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жагымдуу шарт түзөт деп белгиледи.
Премьер Сингх Индия Кашмирден канча аскерин чыгарып кетерин тактап айткан эмес, бирок бул кадам сепаратисттердин кол салуулары басаңдап калганынан улам жасалып жатканына көңүл бурган. Кашмирдеги исламчыл козголоңчулар аймактын көз карандысыздыгы же Пакистанга кошулуу үчүн куралдуу кыймылын баштагандан бери Индия чөлкөмдөгү аскерлеринин санын 1 миллионго жеткирген.
Быйыл Индия менен Пакистан дипломатиялык мамилелерин калыбына келтирип, Кашмир чатагын жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады.