Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:33

Тажикстандын мурдагы министринин иши Жогорку сотто каралат


Тажикстандын мурдагы ички иштер министри Якуб Салимовдун иши Жогорку сотто каралат. Жогорку соттун өкүлү Махмадали Ватанов Дүйшөмбү шаарында өткөн маалымат жыйынында экс-министрдин иши 23-ноябрда жабык сотто каралат деп тактай кетти. Анын айтымында, Салимовго мамлекетке чыккынчылык кылган, тажик өкмөтүн кулатууну көздөгөн, кызматынан кыянат пайдаланган, мыйзамсыз курал-жарак алып жүргөн деген жана башка кинелер тагылууда.

Убагында Тажикстандын өкмөтүндө бир катар кызмат орундарды которуп, 1990-жылдардагы согуш маалында бийликти колдогон аскердик топту жетектеген Салимов кийин Орусияга бозгунчулукка кетүүгө аргасыз болуп, өткөн жылы Москва аны колго түшүрүп, тажик өкмөтүнө өткөрүп берген.

XS
SM
MD
LG