Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:17

В.Путин эки күндүк сапар менен Украинада


Орусиянын президенти В.Путин эки күндүк сапар менен Украинага барды. Ал кызматынан кетерине аз калган украин президенти Л.Кучма менен Керч портуна барып, Крым жарым аралында жолугушууда.

Путиндин визити Украинада 21-ноябрда өтө турган президенттик шайлоонун экинчи айлампасына аз калганда өтүп жатат. Шайлоонун алгачкы этабына саналуу күн калганда Орусия президенти Киевге барып, өлкөнүн премьери Виктор Януковичтин талапкерлигин колдой турганын ачык билдирип кеткен. Янукович бүгүн эки президент менен жолугушуп маектешти.

Анын алдында президент Кучма шайлоонун 1-айлампасында оппозициячыл талапкер Виктор Юшенкону колдоп добуш берген 11 региондун башчыларын кызматынан бошоткону жарыяланган.

XS
SM
MD
LG