Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:20

Сузакта 18-октябрдан бери нааразылык акциясы уланууда


ЖАЛАЛАБАД. Күн сайын 20-25 адам пикетке чыгууда. Буга сот чечиминен кийин бир аялдын өлүмү себеп болгон. Нааразы болгондор соттордун эл тарабынан шайланып, сот реформасын бачым жүргүзүүнү жана райондук соттун төрагасы менен судьясынын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин координатору Молдосалы Ибраимов соттордун жоопко тартылуусун каалайт:

- Мыйзамсыз чечим, өкүм жазгандыгына байланыштуу сот иштен кетүүгө тийиш. Ошондуктан президентибиз Аскар Акаевден булардын иштен кетүүсүнө жардык чыгарылсын жана Конституциялык соттун төрайымы Баековадан буларга кылмыш жоопкерчилигин тарттыруу үчүн уруксат берүүнү суранып кетер элем.

Молдосалы Ибраимовдун мындай талабы менен соттун төрагасы Сатыбалды Ташбаев макул эмес:

-Бир бөлүгү бузулуп келип облустук сотко кайрадан берилген. Облустук соттон Алибаеванын дүйнөдөн кайтыш болгонуна байланыштуу алар кароосуз калтырган. Ал жөнүндө эч кандай тиешебиз жок. Мен түшүнбөйм. Чыгып сүйлөшөлү десек, сүйлөшпөйт. Биз эмес жактоочулар менен да сүйлөшпөйт.

Пикетчилер өз акциясына жогорку бийликтегилер 18-октябрдан бери көңүл бөлүшпөгөндүктөн нааразылыгын эмки аптада облустун борборунда улантышмакчы.

XS
SM
MD
LG