Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Кыргыз-Пакистан өкмөттүк комиссиясы эмки айда жыйын курат


БИШКЕК. Кыргызстан менен Пакистан өкмөттөрүнүн ортосундагы комиссиянын экинчи жыйыны ушул жылдын декабрь айында өткөрүлөт. Анда эки тараптуу соода көлөмүн көбөйтүү, товар ташуу жана транзитти жөнгө салуу маселелери талкууланат. Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы алаканы чыңдоо зарылдыгы Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен Пакистандын тышкы иштер министри Миан Хуршид Махмуд Касури Исламабадда ушул апта башында кол койгон билдирүүдө белгиленди.

Билдирүүдө мындан тышкары тараптар эларалык терроризмге, аткезчилик жана маңзаттар соодасына каршы күрөштө кызматташуу зарылдыгы жазылган.

XS
SM
MD
LG