Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

Жарандык коомдун өкүлдөрү Ферганада жолугат


БИШКЕК. Ноябрь айынын этегинде Ферганада АКШ каржылаган «Жарандык көпүрөлөр: Орто Азия» аттуу долбоордун алкагында Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан мамлекеттеринин жарандык коомдорунун өкүлдөрү жолугушат. "Тегерек үстөл" форматында өтө турган бул жолугушууда Өзбекстанда жана Түркмөнстанда адам укуктарынын сакталышына кам көргөн жергиликтүү укук коргоочулар менен тажрыйба алмашуу болот. Мындан тышкары Кыргызстанда күтүлүп жаткан шайлоо өнөктүктөрүнүн мыйзамдуу өтүшүнө кол кабыш кылуу маселеси жөнүндө да сөз болот.

Бул жолугушууга Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардан алты өкүл катышаары болжолдонуп жатат. Бул тууралуу «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова кабарлады.

XS
SM
MD
LG