БИШКЕК. Кыргызстандын каржы министрлигинин алдындагы экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонду буга чейин кредит жана ссуда алып, өз убагында төлөбөгөн 403 ишкананы сотко берди. Алардын арасында «ОРЕМИ» акционердик коому 130 миллион 900 миң сом, «Электрстанциялар» акционердик коому 408 миллион 400 миң, ал эми «НЭСК» акционердик коому 583 миллион 800 миң сомдук кредитти өз убагында кайтара алган эмес.
Буга чейин соттук териштирүүнүн натыйжасында өлкө казынасына 21 миллион сом кайтарылган. Бул тууралуу бүгүн мамлекеттик «Кабар» маалымат агенттиги жазып чыкты.
Буга чейин соттук териштирүүнүн натыйжасында өлкө казынасына 21 миллион сом кайтарылган. Бул тууралуу бүгүн мамлекеттик «Кабар» маалымат агенттиги жазып чыкты.