Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Аскар Акаев Путин, Ельцин жана Матвиенко менен жолугушту


БИШКЕК. Учурда Орусияда иш сапарда жүргөн президент Аскар Акаев бүгүн Санкт-Петербургда шаар мэри Валентина Матвиенко менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Санкт-Петербургда мындан тышкары Аскар Акаев бир катар өнөр жай ишканаларында болуп, студенттер жана окумуштуулар чөйрөсү менен жолугушаары айтылган.

Ал эми кечээ Москвада Аскар Акаев Владимир Путин жана экс-президент Борис Ельцин менен жолугушкан. «Коммерсанть» гезитинин бүгүн тараткан маалыматына караганда, Акаев менен Путин коопсуздук жана энергетика тармагына байланышкан маселелерден тышкары Кыргызстандын пайдалуу өнөр жай ишканаларын Орусиянын ишкер чөйрөсүнө карызга чегерип, өткөрүп берүү маселесин да талкуулашты.

Буга чейин Кыргызстан Орусияга башкарууга стратегиялык багыттагы төрт ишкананы берерин жарыялаган. Кыргызстандын Орусияга 180 миллион доллар чамалаш карызы бар.

XS
SM
MD
LG