Мындан 45 жыл мурда Тибеттен сүргүнгө кетип, азыр Индияда жашаган Далай-ламанын жардамчыларынын айтымында, ал жакында Орусиянын Калмак жумуриятына барышы мүмкүн. Андай кабарлар мурда эле тарагандыктан, Орусиянын тышкы иштер министрлиги кечээ күнү атайын жарыя жасап, эгер Далай-ламанын сапары диний максатты гана көздөсө, ага виза берилет деп билдирген. Калмактар Буддага ишенет.