Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Маскөөнүн Абхазия саясатына Грузия каршы


Грузиянын тышкы иштер министри Саломе Зурабишвили кечээ күнү Орусиянын саясатына каршылык билдирди жана ал тууралу Бириккен Улуттар менен АКШ жетекчилигине кат жолдоду. Орус тышкы иштер министрлиги кечээ күнү Абхазиядагы абал тууралуу тынчсыздануу билдирип, эгер Абхазиядагы башаламандык уланса, Маскөө тийиштүү чара көрөт деп жарыялаган.

Грузиянын курамындагы Абхазияда 3-октябрда президенттик шайлоо өткөрүлгөн жана анда оппозициялык талапкер Сергей Багапш жеңди деп жарыялаганган, бирок кийин шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылды. Багапштын колдоочулары кечээ күнү Сухуми шаарындагы өкмөттүк үйдү басып алды жана анын кайтаруучулары ок аткандыктан, белгилүү илимпоз Тамара Шакрыл курман болду.

XS
SM
MD
LG