Бириккен Улуттардын үч кызматкерин 28-октябрда Ооганстанда барымтага алган "Жайиш-э Муслимин" деген уюм аларды бүгүн өлтүрө турганын билдирди. Уюмдун айтымында, туткундарды бошотуу тууралуу сүйлөшүүнү АКШ өкүлдөрү үзгүлтүккө учуратты. Барымтага алынган түндүк ирландиялык Анетта Флейниган, косоволук Шкипе Хебиби жана филиппиндик Ангелито Наянды бошотуу үчүн алар Талибан кыймылынын туткунга түшкөн 26 өкүлүн эркиндикке чыгарууну талап кылган. Бирок 10-ноябрда Ооганстанга келип кетен АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Эрмитиждин айтымында, террорчулардын эч бир талабы аткарылбаш керек.