Ирактын Фаллужа шарында бүгүн таңга жуук "Киова" аттуу эки америкалык тик учамага буктурмадан ракета атылды. Кечээ күнү болсо ошол эле шаардын алдында "Апачи" деген эки тик учмага да чабуул жасалган. Америкалыктардын айтымында, жоготуулар жок.
Өкмөттүк аскерлер менен америкалык күчтөр Фаллужага каршы чабуулду мындан беш күн мурда баштаган жана азыр калаанын 80 пайызын өз көзөмөлүнө алды, бир миңден ашык лашкер өлтүрүлүп, дагы эки жүздөй согушкер кармалды. Беш өкмөттүк жана 22 америкалык аскер курман болду.
Бирок шаарды бомбалоо дагы эле уланууда. Өлкөнүн түндүгүндөгү Мосул шаарында да козголоң чыккандыктан, өкмөттүк аскерлер Мосулга да жортуулга чыкты. Багдад шаарынын эларалык аэропорту болсо 8-ноябрдан бери жабык.