Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:56

Украинада студенттер ачкачылык жарыялашты

Кабарларга караганда 40тан ашуун студент өткөн айдагы президенттик шайлоого байкоо жүргүзгөн алты адамдын камакка алынышына нааразылык билдиришүүдө. Оппозициянын талапкери Виктор Ющенконун алты байкоочусу 31-октябрдагы шайлоодо милицияга каршлык көргөзгөнү үчүн айыпталып, кечээ 10 күндөн түрмөгө кесилишкен.

Президенттик шайлоонун экинчи айлампасына чыккан талапкерлер: азыркы премьер-министр Виктор Янукович менен оппозиция лидери Виктор Ющенко учурда үгүт-насаат иштерин жүргүзүүдө. Президенттик шайлоонун экинчи айлампасы келерки жекшемби - 21-ноябрда өтөт. Батыш өлкөлөрү менен эл аралык уюмдар украин бийликтерин биринчи айлампада шайлоо кампаниясына кийлигишкени үчүн айыптаган.
XS
SM
MD
LG