Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Шиңжаң-уйгур автоном облусунан делегация келди


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекке үч күндүк иш сапар менен Кытай Эл республикасынын Шиңжаң уйгур автоном облусунун партиялык комитетинин катчысы Ван Лэцюань жетектеген делегация келди. Ушул эле күнү делегацияны президент Аскар Акаев, премьер министр Николай Танаев, Байланыш жана транспорт министри Кубанычбек Жумалиев кабыл алды. Жолугушууларда сөз эки өлкөнүн 2004-2014 жылдар аралыгындагы кызматташтыгы тууралуу жакында кабыл алынган макулдашуунун алкагында жүрдү. Негизги көңүл Торугарт аркылуу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору, Ош-Сары-Таш-Эркештам жолун реконструкциялоо, гидроэнергетика, мунай кендери, жеңил жана тамак-аш өнөр жайын, сооданы өнүктүрүү, коопсуздук, туризм өңдүү маселелерге бурулду. Шиңжаң обласынын жетекчилиги Кыргызстанга премьер министр Николай Танаевдин чакыруусу менен келишти жана делегациянын сапары 17-ноябрда аяктайт.

XS
SM
MD
LG