Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Хорватия жана Сербия-Черногория бири бирине кол сунду


Хорватия менен Сербия-Черногория 1990-жылдары эки ортодогу кандуу согушту унутуп, өз айра кызматташуунун жаңы барагын ачат.Хорватиянын премьер-министри Иво Санадер жана Сербия-Черногориянын президенти Светозар Марович, ошондой эле, согуштан калган бардык талаш суроолор чечилет жана ортодо жакшы мамиле түзүлөт деп убада кылышты.
Белградда чогуу жасалган билдирүүдө эки өлкө өз ара ишенүүчүлүк доорун баштап, эски касташуунун жүгүн артка таштайт деп да айтылат.
1990-жылдардын башында Хорватия мурдакы Югославиядан бөлүнүп чыккан. Иво Санадер ошондон бери Белградга келген Хорватиянын бийик даражалуу биринчи ырасмий адамы.

XS
SM
MD
LG