ДУШАНБЕ. Бүгүн Душанбеде Тажикстандын президенти Имомали Рахмонов АКШнын тышкы иштер министринин жардамчысы Лаура Кеннеди менен жолугушуп, регионалдык коопсуздук, чек ара, Тажикстанда келерки жылы февралда боло турган парламенттик шайлоо жана башка маселелерди талкуулады. Кеннеди айым АКШ Тажикстандын кошуна Ооганстан менен тыкыз алака куруусуна кызыкдар экенин билдирди. Ошону менен катар эле ал парламенттик шайлоонун адилет жана эркин болооруна үмүттөнүп турганын айтты.
Имомали Рахмонов АКШнын тышкы иштер министринин жардамчысы менен коопсуздук маселелерин талкуулады