Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Казакстан Кытай менен Кыргызстанга экстремисттик иштерди жүргүзгөн 14 уйгурду өткөрүп берди


АСТАНА. Казакстандын Улуттук Коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Владимир Божко өткөн жарым жылдын ичинде Казакстан Кытай менен Кыргызстанга экстремисттик иштерди жүргүзгөн деген шек менен 14 уйгурду өткөрүп бергенин билдирди. Божконун айтымында, өткөрүлүп берилген уйгурлар Чыгыш Түркстандын Боштондук партиясы деген топтун мүчөлөрү болгон. Бул топ Кытайда сепаратисттик топ деп эсептелет. Мындан беш күн мурда Божко өлкөдө Ал-Кайыда террордук уюму менен байланышы бар экстремисттик топтун 14 мүчөсү кармалганын билдирген.

XS
SM
MD
LG