Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Иракта америкалык жана жергиликтүү аскерлер Мосулда чабуулга өтүштү


Ирактын үчүнчү эң ири шаары - Мосул өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан. Операцияга бир миңдей америкалык аскер катышууда. Мында өткөн аптада куралчандар көпүрөлөргө, полиция бекеттерине, өкмөттүк имараттарга чабуул жасашты. АКШнын армиясы билдиргендей, кечээ түшкө чейин аскерлер бир нече полиция бекетин эч кандай каршылык көрсөтүүсүз бошотушту. Анын аралыгында, АКШ армиясы Фаллужа шаары толугу менен куралчандардан бошотулгандыгын ырастады, бирок каршылык көрсөтүү чөлкөмдөрү дале сакталып калууда.

Америкалык генерал Жорж Кейси кабарчыларга буларды билдирди:

- Фаллужа террористтердин ири таянычтарынын бири, алар өз жортуулдарын ушул жерден баштап, ар кайсы өлкөлөрдөн чет элдиктерди чогултушкан, ушул жерде жолугуп, машиналарды дүрмөттөшкөн жана жардыргычтарды жасашкан. Бирок мунун баары эми артта калды.

XS
SM
MD
LG