Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:26

Буш Пауэлдин ордуна Райстын Мамлекеттик катчылыкка көрсөттү


Буш Пауэлдин ордуна Райстын Мамлекеттик катчылыкка көрсөттү

АКШнын президенти Жорж Буш өзүнүн улуттук коопсуздук кеңешчисин Колин Пауэлдин ордуна мамлекеттик катчынын кызматына белгиледи.

- Доктор Кондолееза Райстын Американын Мамлекеттик катчылыгына көрсөткөнүмдү жарыялоого куштармын. Конди Райсты америкалыктар да, дүйнөдө да жакшы билет. Акыркы төрт жылда мен анын кеңешине таянып, бай тажрыйбасынан пайдаландым. Мен анын терең жана туруктуу көз караштарын баалайм. Анын кабинетте кызмат өтөөгө макулдугун бергенине мен сыймыктанам.

Өткөн жекшембиде 50 жашка толгондугун белгилеген Райст айым кесиби боюнча музыкант, орус тилин билет, курал көзөмөлү боюнча адис. Ал Буштун атасы президент болуп турган кезде Улуттук Коопсуздук Кеңешинин Советтер Союзу боюнча кеңешчиси эле. Райстын кеңешчилик кызматына ордуна Стивн Хардли дыйындалууда. Ал эми Колин Пауэл Райстын талапкердигин Сенат жактырганга чейин ишин уланта берет. Вашингтон администрациясынын 15 мүчөсүн ушул айдын башында Буш кайра шайлангандан бери алты киши отставкага кетти.

XS
SM
MD
LG