Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

Карабуура районунун жетекчилери эл менен жолугушуудан качууда


ТАЛАС. Карабуура районунун өтүнүчү боюнча 17-ноябрь күнү Кызыладыр айылындагы маалымат борборунда элдин өкүлдөрү менен райондук деңгээлдеги он чакты жетекчилердин акыйкат башкаруу жылына арналган тегерек үстөлдөгү жолугушуусу болмок. Бул боюнча райондук жаңы акими Шадыбек Жуманалиев менен макулдашылган. Бирок эл өкүлдөрү чогулуп, жетекчилер келбей коюшту. Чогулгандар алдын ала даярдашкан тогуз маселе боюнча суроолордун тегерегинде өздөрү талкуу жүргүзүштү. Жетекчилердин жолугушууга келбей коюшкандыгын бийлик эл үчүн эмес, өздөрү үчүн иштеп жатат, ушундан улам элдин бийликке ишеними азайып баратат деп баалашты. Талкууланган тогуз маселенин ичинен Бишкекке окууга өткөн жаштарга жаны үлгүдөгү паспортту берүүнү тездетпесе Казакстандык чек арачыларга эл кор болуп жаткандыгын президентке, ички иштер министрине, губернаторго кат түрүндө жөнөтүүнү чечишти.

XS
SM
MD
LG